• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Вашингтон: Сириянын аймагында Американын 200 аскери калат

Дүйнө 0

Бишкек, 22.02.19 /Кабар/. АКШ Сириядан аскерлерин чыгаргандан кийин ал өлкөдө Кошмо Штаттардын 200 жоокеринен турган «ыктыярчылар тобу» убактылуу калат. Бул тууралуу бейшемби күнү Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс билдирди.

Анын айтымында, президент Дональд Трамп мындай чечимди бейшемби кечинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин кабыл алган.

Сандерс бул кадам АКШнын эл аралык коалициядагы европалык өнөктөштөрүнө Сирияда жүздөгөн аскерлерин калтырууга шарт түзөрүн кошумчалады.

Бирок азырынча 200 америкалык ыктыярчынын Сирияда канча мөөнөткө калары жана алар кайсыл жерде жайгаштырыла тургандыгы белгисиз.

АКШнын президенти Сириядан аскерлер чыгарыла турганын былтыр жыл соңунда билдирген. Анда Трамптын бул чечимине каршылык иретинде өлкөнүн коргоо министри Жеймс Мэттис отставкага кеткен.

Трамптын каршылаштары америкалык аскерлерди дароо чыгарып кетүү АКШ менен бирге Сириянын түндүк жана чыгыш аймактарында исламчыларга каршы күрөш жүргүзүп жаткан күрт отряддарын коркунучка кептей турганын айтышкан. Түркия жергиликтүү күрттөрдү терроризмди колдоого айыптып, аларга карата аскердик операция даярдап жатканын бир нече жолу билдирген.

Пикир

Оставить комментарий