• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"ВАЗ 2107" жана Daewoo Matiz унаалары күйгөн. Сутка ичинде катталган өрт кырсыктары

Кырсык 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсүндөгү "Радуга" унаа жуучу жайдын 200 чарчы метр аянты жана "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү жеңил автоунаа толугу менен күйгөн.

Ош облусунун Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү жеңил автоунаа толугу менен өрттөнгөн. Ал эми Ноокат районунун Борбаш айылында турак үйдүн бөлмөсүнүн 10 чарчы метр шыбы, бир килем жана үй төшөнчүлөрү күйгөн. Өрттүн себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

Пикир

Оставить комментарий