• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Вечерний Бишкек” директорлор кеңешинин төрагасы Рябушкин камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. “Вечерний Бишкек басма үйү” ЖАКнын директорлор кеңешинин төрагасы Александр Рябушкинге карата кылмыш иши козголуп, ал камакка алынган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу, алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү, жасалма документтерди пайдалануу фактылары боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

"“Вечерний Бишкек басма үйү” ЖАКтын акционерлеринин арыздары боюнча текшерүү жүргүзүү учурунда басма үйүнүн жетекчилери тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2016-жылдын 5-февралындагы жана Бишкек шаардык сотунун аппеляциялык инстанциясынын 2016-жылдын 15-июлундагы чечимдерине ылайык, “Вечерний Бишкек басма үйүнөн”, “Вечерний Бишкек” гезитинин редакциясынан, www.vb.kg интернет сайтынан, “Жаңы агым” гезитинин редакциясынан, “МСН” газетасынын редакциясынан, “Рубикон” жарнама фирмасы” басмаканасынан Эркин Мамбеталиевге моралдык зыян келтиргендиги үчүн 1 млн. сом компенсация катары төлөнүп берилген”, - деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, 2015-жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун сырткы чечимине ылайык, “Вечерний Бишкек басма үйү” моралдык зыян келтиргендиги үчүн Икрамжан Илмияновго 1 млн. сом компенсация катары төлөп берген.

Бирок, тергөөнүн маалыматы боюнча 2016-жылдын 21-октябрында “Вечерний Бишкек басма үйүнүн” директору М.Божокоев, А.Рябушкин -“Рубикон” жарнама фирмасы” ЖЧКнын башкы директору, ошол эле убакта “Вечерний Бишкек басма үйүнүн” директорлор кеңешинин төрагасы менен болжолдуу сүйлөшүп алып, бөлүштүрүү жана башкаруу ыйгарым укуктарын пайдалануу менен “Вечерний Бишкек басма үйүнүн" кызыкчылыктарынан сырткары, арыз ээси Э. Мамбеталиев менен “Вечерний Бишкектин” каражатынан 1 млн. сомду төлөө боюнча макулдашууга кол коюшкан. Ошол учурда аталган сумма үч юридикалык жактан калыбына келтирилген.

Ошол эле күнү “Вечерний Бишкек асма үйү” ЖАКтын эсебинен Эркин Мамбеталиевге чыгаша ордери боюнча 1 млн. сом накталай төлөнүп берилген. Ушунун негизинде, директор М.Божокоевдин жана А.Рябушкин тарабынан жабык акционердик коомуна ири өлчөмдөгү материалдык зыянга учураткан.

Жогорудагы фактылардын негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы 2018-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренисинин 2-бөлүмү (Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү), 221-беренесинин 1-бөлүмү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы), 350-беренесинин 1-бөлүмү (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

2018-жылдын 21-ноябрында А.Рябушкин кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий