• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Вега” компаниясы “Коопсуз шаарды” ишке ашыруу үчүн кепилдик төлөмдү төлөдү

Коом 0

Бишкек, 29.11.18 /Кабар/. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууда сынакта жеңүүчү болгон "Вега" "Радиоуктуруу концерни" россиялык компаниясы 3,5 млн. сом өлчөмүндө кепилдик төлөмдү төлөдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кабарлады.

Анын айтуусунда, аталган долбоорду ишке киргизүүнүн баасы 2 млрд. 550 млн. сом өлчөмүндө болгон. "Вега" компаниясы долбоорду 2 млрд. 320 млн. сомго (230 млн. сомго аз) ишке ашырууну пландап жатат жана кепилдик төлөмдү берген.

Боронов кошумчалагандай, аталган долбоордун 1 этабын ишке киргизүүдө Бишкек шаарынын 38 көчөлөрүндө жана республиканын негизги унаа жолдорунда сүрөт жана видео көзөмөлдөө системасын орнотуу пландаштырылууда. 2019-жылдын 1-январына карата тиешелүү сүрөт-видеотехника орнотулат.

Эскерте кетсек, “Вега” компаниясы баардыгы болуп 110 видео байкоо комплекстерин орнотот. Алардын ичинен 38и Бишкектин көчөлөрүндөгү кесилиштерде, 4- автоунаа жолдорунда, 48 - Бишкек-Ош, Бишкек-Чалдовар, Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек-аэропорт “Манас” жана Бишкек жолдорунда.

Пикир

Оставить комментарий