• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Велосипедчен өспүрүмдү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Бишкекте велосипедчен өспүрүмдү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Аталган маалыматты “Кабар” агенттигине Бишкек шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, автоинспекторлордун иликтөөсүнүн жүрүшүндө айдоочу табылып, кармалган.

Ал “Намба” фирмасынын таксисти 34 жаштагы У.С. экени аныкталган.

Автоунаасы айып унаа токтотуучу жайга коюлган.

Эске салсак, Бишкекте айдоочу өспүрүмдү сүзүп, аны жолдун четине таштап кеткен.

Пикир

Оставить комментарий