• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Велотуристтерге кол салууга айыпталган кишинин апасы өзүн-өзү өрттөөгө аракет жасады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. Чет элдик велотуристтерге кол салууга айыпталган Хусейн Абдусамадовун апасы Гүлчехра Шодмонова Душанбедеги ЕККУ кеңсесинин алдында өзүнө бензин чачып, өрттөнүүгө аракет жасады.

Ал бул аракети – “Ислам кайра жаралуу” партиясынын лидери Мухиддин Кабиринин ЕККУ жыйындарына катышуусуна каршылык көрсөтүү экенин билдирди. 7-сентябрда ЕККУ өкүлчүлүгүнүн алдында 100дөй киши чогулуп, диний партияны жана анын жетекчилерин айыпташты. Акцияны тажик бийлигин колдогон “Авангард” уюму уюштурганы айтылууда.

Милиция кызматкерлери топтолгон кишилерди таркатып баштаганда, Хусейн Абдусамадовдун апасы ортого чыгып, ЕККУну Кабирини колдоого айыптады. Анын айтымында диний партиянын лидери баласын туура жолдон адаштырган. Андан соң ал өзүнө бензин чачып, өрттөнөм деп коркутту. Милиция кызматкерлери аны кармап калышты.

Душанбедеги ЕККУ өкүлүлүгүнөн эч ким чогулгандарга чыккан жок.

Милиция кызматкерлери 25 кишини, анын ичинде Гүлчехра Шодмонованын кармап кетип, суракка алышкан соң үйлөрүнө коё беришти.

Дангара-Душанбе жолунда чет элдик велотуристтерге кол салууга айыпталган Хусейн Абдусамадов жума башында Тажикстан атайын кызматы тарабынан даярдалган телеберүүдө күнөөсүн мойнуна алганын билдирген. Ал чабуул өлкөдө тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясынын” мүчөсү Кори Носирдин (Носирхуджа Убайдов) тапшырмасы менен болгонун айткан.

Хусейн Абдусамадов терактты диний партиянын лидери Мухиддин Кабири өзү пландаганын кошумчалаган. “Ал Тажикстанда эл аралык деңгээлдеги террордук акт жасоону тапшырган”,- деген Хусейн Абдусамадов.

29-июлда Дангара районунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган.

Тажик өкмөтү 31-августта төрт туристтин өмүрүн алган кол салуу боюнча өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясын" күнөөлөгөн. Бирок ошол эле күнү кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган. Диний партиянын бозгундагы лидери Мухиддин Кабири мындай айыптоону четке кагып, бийлик чыныгы күнөөлүүлөрдү көз жаздымда калтырып жатканын айткан.

Пикир

Оставить комментарий