• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Велотуристтерге кол салууну уюштурду делген кишини Интерпол издейт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.09.18. /Кабар/. Тажик бийлиги Фархор районунун 45 жаштагы тургуну Носирхуджа Убайдовго эл аралык издөө жарыялоо боюнча Интерполго кайрылды.

«Кори Носир» каймана ысымы менен белгилүү Носирхуджа Убайдов “Кылмыштуу топ түзүү”, “Терроризм” беренелери боюнча айыпталууда.

Тажик бийлиги Убайдовду велотуристтерге кол салууну уюштургандардын бири деп эсептейт. 29-июлда Дангара районунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган. Тажик бийлигинин маалыматы боюнча Убайдов учурда Ирандын Хаш провинциясында жүрөт.

Дангарада туристтерге кол салууга айыпталган Хусейн Абдусамадовдун иши октябрдын ортосунда Жогорку сотко жөнөтүлөт.

Хусейн Абдусамадов кол салган беш кишинин ичинен аман калган жана кармалган. Терактын калган катышуучулар – Асомиддин Маджидов, Зафар Сафаров, Жафариддин жана Аслиддин Юсуповдор атайын операция учурунда жок кылынган. Тажикстандын атайын кызматы тарабынан даярдалган телематериалда Абдусамадов күнөөсүн мойнуна алган.

Тажик бийлигинин пикиринде, Носирхуджа Убайдов теракт жасаган кылмыштуу топту чет өлкөдөн башкарып, “Ислам кайра жаралуу” партиясынын лидеринин көрсөтмөлөрүн аткарган.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти ИМ тобу өзүнө алган. “Ислам кайра жаралуу” партиясы айыптоолорду четке каккан.

Пикир

Оставить комментарий