• 82
  • 84.48
  • 1.35

Венада БА өлкөлөрүнүн айыл чарба продукциясынын көргөзмөсү өттү

187 кароо Коом 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Венада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көргөзмө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн элчиликтери тарабынан Австриянын Hilfswerk International (HWI) бейөкмөт уюму менен биргеликте уюштурулган.

Кыргыз делегациясын айыл чарба министринин орун басары А.Мукашев жетектеп, курамына Экономика жана коммерция министрлигинин, бал, жаңгак, мисте жана кара өрүк өндүрүү менен алектенген компаниялардын өкүлдөрү кирди.

Көргөзмөдө Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын элчилери сөз сүйлөштү. Андан соң көргөзмөгө коюлган Борбордук Азия мамлекеттеринин продукцияларынын бет ачары болду. Иш-чаранын катышуучулары менен коноктору «чыгыш татымдарынан» гана эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн элчиликтери тарабынан даярдалган улуттук тамак-аштардан да даам татуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Иш-чарага Австриянын мамлекеттик органдарынын, супермаркет түйүндөрүнүн, чекене соода түйүндөрүнүн, тамак-аш ишканаларынын, ошондой эле жеткирүүчү компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий