• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Венадагы кол салуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Австриянын Вена шаарында болгон кол салуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

2-ноябрь күнү саат 20:00дөн кийин Вена шаарынын алты жеринде белгисиз адамдар тарабынан курал колдонуу менен кол салуулар болгон.

Кол салуулардын жыйынтыгында 4 киши каза болуп, 18 киши ар кандай жаракаттарды алышкан.

Кыргызстандын Австриядагы эчлилиги билдиргендей, жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

“Кооптуулук сакталып жаткандыктан Вена шаарында болгон кыргызстандык мекендештерди мүмкүнчүлүк болсо эл чогулган жерлерден алыс болууга, коомдук унааларды колдонбой турууну сунуштайбыз”, - деп билдирет министрлик.

Суроолор болгон учурда Вена шаарындагы элчиликке +43 676 626 94 93 номерине чалып, маалымат алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий