• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Венесуэла бийлиги Хуан Гуайдонун шайлануучу кызматтарда иштөөсүнө тыюу салды

Дүйнө 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Венесуэлада оппозиция лидери Хуан Гуайдо парламенттин төрагасы кызматынан алынып, анын 15 жыл шайлануучу кызматтарда иштөөсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчүсү Элвис Аморосо билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

Маалыматтарга караганда, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү Венесуэланын убактылуу президенти катары тааныган саясатчы коррупцияга айыпталууда.

Аморосонун айтымында, Гуайдонун чыгымдары менен декларацияда көрсөтүлгөн кирешелери дал келбей жатат. Азырынча Гуайдо президент Николас Мадуронун көзөмөлүндөгү түзүмдүн бул чечимин боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Венесуэла учурда оор саясий каатчылыкты башынан өткөрүүдө. Өлкө парламенти азыр оппозициянын көзөмөлүндө турат. Жыл башында парламенттин спикери Хуан Гуайдо өзүн өлкөнүн убактылуу президенти деп жарыялаган. Аны мамлекет башчы катары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү, анын ичинде АКШ, Евробиримдикке мүчө мамлекеттер, Бразилия жана Латын америкасындагы көпчүлүк өлкөлөр таанышкан. Бирок мамлекеттик органдар дале болсо Мадуронун көзөмөлүндө калууда. Аны Орусия, Кытай жана Куба колдоп жатат.

Венесуэлада саясий каатчылыктан тышкары, экономикалык каатчылык дагы өкүм сүрүүдө. Дүкөндөрдө дары-дармек жана башка күнүмдүк керектөөдөгү азыктар жетишсиз болууда. Баалардын өсүп жаткандыгынан улам калк жакырланып, миллиондогон венесуэлалыктар жумуш издеп өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Пикир

Оставить комментарий