• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Венесуэла: Экономикалык кризистен улам 3,4 миллион адам өлкөдөн чыгып кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 25.02.19 /Кабар/. Экономикалык кризистен улам Венесуэланын тургундары массалык түрдө өлкөдөн чыгып кетүүдө. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыл сайын өлкөдөн беш миңден ашык адам чыгып кетүүдө.

БУУнун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Венесуэладан качкан адамдардын жалпы саны 3,4 миллионго жетти. Алардын 2,7 миллиону Түштүк Америка жана Кариб мамлекеттеринде баш калкалоодо. Калгандары дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө дагы кетүүдө.

Венесуэла качкындарынын эң көп бөлүгүн Колумбия кабыл алган – 1,1 миллион адам. Перуга 506 миң качкын барган, Чилиге – 288 миң, Эквадорго – 221 миң, Аргентинага – 130 миң, Бразилияга – 96 миң адам.

Венесуэлалыктардын дагы бир бөлүгү Мексика жана Борбордук Америкадагы өлкөлөргө барышкан.

Венесуэлада саясий туруксуздуктан улам азык-түлүктүн жана дары-дармектин жетишсиздиги байкалып, тургундар өз өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болушууда.

Пикир

Оставить комментарий