• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Венесуэла: Каракас шаарында оппозиция менен аскерлер кагылышты

Дүйнө 0

Бишкек. 01.05.19 /Кабар/. Венесуэланын борбору Каракаста оппозиция лидери Хуан Гуайдонун тарапташтары коопсуздук күчтөрү менен кагылышты. Эки тарапта тең куралчан кишилердин бар экени айтылууда.

Көздөн жаш агызуучу газ колдонулууда. Reuters кабарчылары атышуулар орун алып жатканын билдиришүүдө.

Гуайдо шейшемби күнү эртең менен аскер формачан кишилердин курчоосунда сөз сүйлөп, армияны президент Николас Мадурого каршы нааразылык акцияларына катышууга чакырган видеокайрылуу жолдогон.

Мындан соң анын тарапташтары Каракастагы аскер аба күчтөрүнүн базасында чогулушкан. Гуайдо кийинчерээк журналисттерге армиянын бир бөлүгү анын тарабына өткөнүн жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий