• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Венесуэлада нааразылык акциясына чыккан 35 киши каза болгону кабарланууда

Дүйнө 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Венесуэланын учурдагы президенти Николас Мадурого каршы өтүп жаткан нааразылык акциялары маалында каза болгондордун саны 35ке жетти. Бул тууралуу AFP агенттиги укук коргоо уюмдарынын маалыматтарына таянып билдирди.

«Foro Penal» деп аталган укук коргоо уюму акцияга катышкан 850 киши камакка алынганын кабарлады.

Венесуэлада нааразылык акциялардын жаңы толкуну январдын башында башталган. 21-январда бийлик куралдуу көтөрүлүштү басканын билдирген.

Улуттук гвардия акцияга чыккандарды колдоп, бирок көп өтпөй Мадурого баш ийген күчтөргө багынып берген. Алардын кармалышы кайрадан толкундоолорду жараткан. 23-январда оппозиция өкүлү, Венесуэланын Улуттук ассамблеясынын башчысы Хуан Гуайдо Каракастагы митингде өзүн убактылуу президент деп жарыялап, ант берген.

Гуайдо президент Николас Мадуро өзүнүн мамлекет башчылык милдеттерин аткарууга жөндөмсүз экенин билдирип, өлкөдө мөөнөтсүз шайлоо өткөрүүнү убадалаган. Аны Венесуэланын убактылуу президенти катары Латын Америкасынын айрым өлкөлөрү, АКШ, Австралия, Канада жана Израиль тааныды. Европа биримдигине мүчө өлкөлөр эгер жакынкы күндөрү Венесуэлада мөөнөтсүз шайлоо жарыяланбаса, Гуайдону президент катары тааный тургандыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий