• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Венесуэлада оппозиция лидери өзүн президент катары жарыялады

Дүйнө 0

Бишкек, 24.01.19 /Кабар/. 23-январда Венесуэланын оппозиция лидери жана парламент спикери Хуан Гуайдо жапырт каршылык акцияларынын фонунда өзүн өлкөнүн убактылуу президенти катары жарыялады.

АКШ президенти Дональд Трамп “Венесуэла эли Мадуронун режимине эр жүрөктүүлүк менен каршы чыкканын” билдирди. Ал Гуайдону колдоп, Венесуэланын башчысы катары тааныды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео дагы Николас Мадурону өз эрки менен бийликти Гуайдого өткөрүп берүүгө чакырды.

Президент Николас Мадуронун экинчи мөөнөткө шайланышына каршы акциялар 23-январда Венесуэланын бир нече шаарларында – Каракас, Валенсия, Баркисимето, Маракай жана Сан-Кристобалда башталган. Ага он миңдеген кишилер катышкан.

Венесуэла вице-президенти Дельси Родригес каршылык акцияларын АКШ бийлиги жана венесуэлалык олигархтар уюштурганын билдирген.

Мадуро формалдуу түрдө шайлоону 2018-жылы жеңген, 10-январда расмий түрдө кызматка киришкен. Бирок Мадуронун жеңишин оппозиция тааныган жок, алар шайлоо мыйзамсыз өткөнүн белгилешүүдө. Мадуро кызматка киришүү антын парламентте эмес, Жогорку сотто берди. Өлкө парламентинин депутаттарынын көпчүлүгү – оппозиция тарапташтары.

Мадуро жана анын санаалаштары Венесуэла оппозициясынын лидерлерин “терористтер” деп аташып, расмий бийликти колдогон элди көчөөгө алып чыгууга убада беришти.

Пикир

Оставить комментарий