• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Венесуэладагы нааразылык акциясында үч адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Венесуэладагы нааразылык акциясынан каза болгондордун саны үчкө жетип, жабыркагандардын жалпы саны 103 адамды түздү.

“Nacional” порталынын маалыматына ылайык, Мерида штатында шаршембиде кечинде жаш бала каза болгон. Болжолу менен ага ок тийип, ооруканага жеткирилген бирок каза болуп калган.

Мурдараак Меридеде ошол эле күнү дагы бир акциянын катышуучусу каза тапкан. Үчүнчү каза болгон бала болгону 16 жашта болгон.

Эскерте кетсек, Венесуэлада апрель айынан бери массалык нааразычылык акциялары өтүп жатат. Ал Жогорку соттун
Улуттук оппозициялык ассемблеянын бийлигин чектөө керек деген чечиминен кийин чыккан. Чечим жокко чыгарылган, бирок оппозициянын тарапташтары соттордун мүчөлөүнүн кызматтан кетишин жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү талаптары менен көчөгө чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий