• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Венесуэланын президенти: Аскердик кийлигишүү АКШ үчүн «жаңы Вьетнам» болуп калышы мүмкүн

Дүйнө 0

Бишкек, 04.02.19 /Кабар/. Венесуэланын президенти Николас Мадуро өлкөдөгү азыркы саясий каатчылыкка АКШнын аскердик кийлигишүүсү Америка үчүн «жаңы Вьетнам» болуп калышы мүмкүндүгүн билдирди.

«Бардыгы түштүк империянын жана анын батыш өнөктөштөрүнүн аракеттеринин агрессивдүүлүгүнө жараша болот. Менин өкмөтүм Венесуэланын ички иштерине эч кимдин кийлигишпөөсүн каалайт. Биз өлкөбүздү коргоого даярбыз», — деди Мадуро жекшембиде laSexta испан телеканалынын эфиринде.

Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп Николас Мадуронун режимине каршы аракеттердин бири катары Вашингтон Венесуэлага аскердик кийлигишүү вариантын караштырып жатканын айткан.

«Бул жөнүндө айткым келбейт, бирок албетте бул вариант дагы каралып жатат», — деген Трамп Си-Би-Эс телеканалынын эфиринде.

The Hill басылмасынын маалыматына караганда, бир нече ай мурда Мадуро жолугушуу өтүнүчү менен АКШ президентине кайрылганда, Трамп ага макул болгон эмес.

Январдын аягында АКШ башында турган бир нече мамлекет Венесуэланын убактылуу президенти катары өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хуан Гуайдону таанышкан.

Пикир

Оставить комментарий