• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Венгрия билим алууну каалаган кыргыз студенттери үчүн квотаны көбөйттү

Билим 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Венгрия 2021-жылдан тарта билим алууну каалаган кыргыз студенттери үчүн квотанын санын көбөйтөт. Бул тууралуу Бишкекте Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто билдирди.

Анын айтуусунда, Венгрия акыркы он жылда экономикалык жактан өнүгүп келе жаткан Европанын алдыңкы өлкөлөрүнүн катарына кирет.

"Венгрия өзүнүн университеттеринде акысыз билим алуу үчүн кыргызстандыктарга 75 орун бөлүп берген. Быйыл ЖОЖдорго тапшыруу үчүн 300 билдирүү келип түшкөндүктөн, келерки жылдан тарта квотанын санын 175ке чейин көбөйтөбүз", - деди Сийярто.

Пикир

Оставить комментарий