• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Венгрия Кыргызстанда гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 15.01.20./Кабар/. 2020-жылдын 13-январында КРнын Венгриядагы элчиси Бакыт Жусупов ушул өлкөдө аккредитацияланган элчилер менен бирге жыл сайын уюштурулган Венгриянын президенти Янош Адер менен жолугушууга катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Б.Жусупов Кыргызстандагы учурдагы жагдайлар жана өлкөнүн максаттары тууралуу, аны менен бирге Венгрия менен биргелешип кызматташуусун өнүктүрүү жана бекемдөө тууралуу маалымат берди. Ушуга байланыштуу, алдыда пландалган жогорку деңгээлде өтө турган визиттердин алкагында эки өлкө тарабынан тышкы саясий жана тышкы экономикалык иш-чараларды өткөрүү тууралуу көптөгөн иштер пландалып, жасалууда.

Будапештке болгон иш сапардын жүрүшүндө элчи Б.Жусупов Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин Чыгыш Европа, Россия жана Орто Азия департаментинин директору Е.Кудрявцев менен жолугуп, эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердин күн тартибиндеги маселелер тууралуу сүйлөштү. Айрыкча, соода-экономикалык кызматташууну активдештирүүгө жана укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалды.

Ушул эле күнү, Zeolit Hungary жана Ganz EEM, LLC компанияларында жолугушуулар болду. Zeolit Hungary компаниясы суудан аммоний азотун, радионуклиддерди жана нефтпродуктыларын бөлүүдө, оор металлдардын кошулушунда колдонула турган цеолитти жеткирүү менен алектенет. Ѳз учурунда, аталган минерал Чернобыль АЭСинде болгон авариядан кийин активдүү колдонулган. Тараптар Кыргызстандын аймагындагы туюк каптардын (хвостохранилищ) маселелерин чечүүдө биргелешип иштөө тууралуу талкуулашты.

Ganz EEM, LLC компаниясы Венгриядагы насос жана түтүк өндүрүүчү, ошондой эле кичиГЭС куруучу алдыңкы компания болуп эсептелет. Жолугушуунун жыйынтыгында компаниянын жетекчилери КРда гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий