• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Венгрия Кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйттү – ТИМ башчысы

Коом 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Венгрия Кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйттү. Бул туралуу бүгүн КР ТИМ башчысы Руслан Казакбаев расмий иш сапары менен Бишкекке келген Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Руслан Казакбаев келгени жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү үчүн венгер кесиптешине ыраазычылык билдирди. “Венгрия кыргыз студенттер үчүн венгер ЖОЖдорунда окутуучу квотаны 75 тен 100 орунга чейин көбөйттү. Биз алдыңкы венгер жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн студенттерди жөнөтүүгө макулдаштык. Биз адискөй кадрларды даярдоо чөйрөсүндө кызматташтыкты улантабыз деп үмүттөнөбүз”,-деди Казакбаев.

КРнын тышкы саясий ведомствосунун башчысы иш сапардын алкагында билим берүү, саламаттык сактоо, спорт, маданият, экономика, дипломатия, саясат жана геология жаатында кызматташуу тууралуу келишим болгонун белгиледи.

“Ошондой эле, БУУ, ЕБ, ТМКК алкагында тыкыс кызматташтык тууралуу келишимге жетиштик. Кыргызстан мындан ары дагы кызматташтыктын бардык багыттары боюнча өз ара аракеттерди бекемдөөгө үмүт артат”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий