• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Венгрия Кыргызстандын армиясына мобилдүү сууну тазалоочу жабдык берди

Коом 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Бишкекке жакын жердеги 44549 аскер бөлүгүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө Венгрия мамлекети II- деңгээлдеги аскердик-талаа госпиталына мобилдүү суу тазалоочу системасын тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто жана чакырылган коноктор катышты.

"Кыргызстандын коргоо ведомствосу чет элдик өнөктөш мамлекеттер менен биргеликте улуттук аскер контингентинин Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык миссияларына катышуу жана талаа-аскер госпиталы боюнча маселелерин ар убакта чечип келишкен. Венгриянын Куралдуу Күчтөрүнүн тынчтык орнотуудагы бай тажрыйбасын эске алуу менен, кыргыз-венгр мамилесин кеӊейүүсү менен эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтыгы жаӊы келечектүү багыты түзүлдү. Талаа-аскер госпиталынын потенциалы бир кыйла жогору көтөрүлүп, келечекте Кыргыз Республикасынын аймагындабы же БУУ жетекчилиги менен чет өлкөлөрдөгү өтүп жаткан тынчтык операцияларында катышуу учурундабы, бүгүнкү алынып жаткан жабдыкдын жардамы менен автономдуу иштөө шарттарынын түзүлүп, коюлган тапшырмалардын мыкты аткарылышына ишене", - деп баса белгиледи өз сөзүндө Өмүралиев.

Мобилдүү суу тазалоочу система кыргыз-венгер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын иш-чараларынын комплексинин алкагында кыргыз тарапка кайтарымсыз өткөрүлүп берилди.

2020-жылдын 20-ноябрында, «Hungarian Water Technology Corporation Ltd.» аталышындагы венгриялык компания тарабынан аталган жабдык темир жол транспорту аркылуу Кыргызстанга жеткирилген.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында венгриялык тарап аталган жабдыкты колдонууга киргизүү үчүн КР Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрүн окутуп, эксплуатацияга киргизген.

Пикир

Оставить комментарий