• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Венгрия университеттеринде акысыз билим алуу үчүн дагы бир сынак жарыяланды

Билим 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Венгрия университеттеринде акысыз билим алуу үчүн дагы бир сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин маалыматына ылайык, Венгрия менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын ортосундагы макулдашуунун алкагында 2020-2021-окуу жылында акысыз билим алуу үчүн стипендиялык программага кабыл алуу башталды. Окуу англис тилдүүлөр үчүн жана магистратура программасы аркылуу билимин жогорулатуучуларга багытталган.

Талапкерлер үчүн төмөндөгүдөй курстар уюштурулат:

  • Ыйык Иштван атындагы университети, броматология факультети - азык-түлүктөрдүн сапатын жана коопсуздугун камсыздоо;
  • Ыйык Иштван атындагы университети, багбанчылык факультети - багбанчылыкты уюштуруу;
  • Капошвара университети, айыл чарба жана экологиялык илим факультети - жаныбарлардын тоют азыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу.

Стипендиялык программа төмөнкү чыгашаларды камтыйт:

  • окууга жана билдирмени каттоого кеткен чыгашаны;
  • негизги окуу китептерин жана окуу колдонмолорун;
  • жаткана акысын;
  • суткалык чыгымдарын;
  • медициналык камсыздоону.

Программада студенттердин үй-бүлө мүчөлөрүн колдоо каралган эмес.

Тандоо эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта БУУнун Билим берүү боюнча федералдык агенттиги талапкерлердин документтерин карап, Венгриянын Айыл-чарба министрлигине жөнөтөт. Министрлик өз кезегинде аларды талапкерлер тандаган университеттерге багыттайт. Толук тапшырылган документтер гана каралат.

Экинчи этапта талапкерлер англис тилинде жазуу же оозеки экзаменден өтөт. Программага катышып жаткан университеттер кошумча тандоо уюштуруп, ийгиликтүү катышуучуларга жыйынтыктарын маалымдайт. Талапкерлерди кабыл алуу жөнүндө чечимди университеттер гана кабыл алат.

Катышуучулар үчүн талаптар:

  • Кыргызстандын жараны;
  • окуудагы мыкты жетишкендик;
  • англис тилин билиши керек (англис тилинде өтүлүүчү курстар үчүн)
  • күчтүү мотивация;
  • ден-соолугу чың болушу керек;
  • жаш куракка чектөө жок (30 жашка чейинки талапкерлерге артыкчылык берилет)

Талапкерлер төмөнкү документтер топтомун даярдап, REU-Scholarship@fao.org электрондук дарегине жөнөтүшү керек:

  • толтурулган каттоо формасын;
  • резюме;
  • англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган сертификаттын көчүрмөсү;
  • жалпы жарандык паспортунун номери, жарактуу мөөнөтүнүн жана керектүү беттеринин көчүрмөсү;
  • сунуштама кат;
  • мотивациялык кат;
  • медициналык аныктама;
  • соттолбогондугу тууралуу аныктама.

Бардык документтер англис тилинде тапшырылышы зарыл. Кеңири маалымат бул шилтеме.

Пикир

Оставить комментарий