• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Венгрияда Будапешт – Бишкек түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Будапештте Венгрия менен Кыргызстандын борбор шаарларынын ортосунда түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маселе 2021-жылдын 4-октябрында Будапешт шаарында Кыргыз-Венгрия стратегиялык кеңешинин 1-жыйынынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушуусунда талкууланган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакын арада Будапешт-Бишкек түз аба каттамын ачуу маселесине өзгөчө көңүл бурушту.

Белгиленгендей, бул Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик дараметин андан ары өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү.

Пикир

Оставить комментарий