• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү маселеси талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. КР маданият, маалымат, спорт жана жашитар саясаты министри Азамат Жаманкулов Венгриянын Улуттук чогулушунун вице-спикери Шандор Лежак менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы маданий кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Азамат Жаманкулов Маданият министрлиги тарабынан Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү тууралуу атайын буйрук чыкканын жана учурда тиешелүү аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады.

Өз кезегинде Шандор Лежак мындай маданий кызматташтыкты колдой турганын белгилеп, аны жогорку деңгээлде уюштурууга жана Кыргызстан тараптан тосуп алууга даяр экендигин кошумчалады.

Эске салсак, Венгриянын Улуттук чогулушунун вице-спикери Шандор Лежак түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин отурумуна жана 11-пленардык жыйынына катышуу үчүн келген.

Пикир

Оставить комментарий