• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Венгрияда өтө турган күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Тыныбекова машыктыруучу катары барат

Спорт 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Венгриянын Будапешт шаарында 20нан 28-октябрга чейин спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, ага Кыргызстандын курама командасы катышат.

Алгач эркин күрөш болуп, килемге кыргызстандык Улук Жолдошбеков (61 килограммга чейин), Доктурбек уулу Эламан (70 килограммга чейин) жана Магомед Мусаев (97 килограммга чейин) чыгат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Андан соң Медет кызы Айпери (76 килограммга чейин) жана Мээрим Жуманазарова (68 килограммга чейин) чыгышат.

Айсулуу Тыныбекова турнирге Нурбек Изабеков менен бирге машыктыруучу катары барары маалымдалды.

Салт боюнча дүйнө чемпионатын грек-рим стилиндеги балбандар жыйынтыкташат. Анда Кыргызстандын атынан Жоламан Шаршенбеков (55 килограммга чейин), Калы Сулайманов (60 килограммга чейин), Урмат Аматов (63 килограммга чейин), Амантур Исмаилов (67 килограммга чейин), Кайрат Түгөлбаев (77 килограммга чейин) жана Атабек Азисбеков (82 килограммга чейин) чыгат.

Пикир

Оставить комментарий