• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан 2018-жылдын 2-4-сентябрында Кыргыз Республикасына расмий визит менен келет. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Визиттин алкагында Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Саммитине катышат.

4-сентябрда Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат, андан соң басма сөз үчүн билдирүү жасашы күтүлүүдө.

Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий визитинин алкагында ошондой эле башка бийлик бутактарынын жетекчилери менен да жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий