• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Венгриянын премьери Абылгазиевди Өкмөт башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 07.05.18 /Кабар/. Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү боюнча бөлүмү билдирди.

«Сиздин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңызга байланыштуу чын ниеттен чыккан куттуктоомду жана жакшы каалоо-тилегимди кабыл алыңыз. Биздин элдерибиз ортосундагы салттуу эсептелген достук жана өз-ара сыйлашуу мамилесине таянуу менен Венгрия Өкмөтү өз-ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү иретинде колдон келген аракетти жасаарына ишендирип кетем. Мен биргелешкен иштин жүрүшүндө Сиздин колдооңузга жана көмөктөшүүңүзгө ишеним артам. Сизге ден-соолук жана жоопкерчиликтүү ишиңизде ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий