• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Венгриянын президенти Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Венгрия Республикасынын Президенти Янош Адер Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайлангандыгына байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Кыргыз Республикасы Венгрия үчүн Борбордук Азия чөлкөмүндөгү маанилүү өнөктөш болуп саналат. Үндөш салттарга жана өз ара тилектештикке негизделген эки тараптуу мамилелердин туруктуу өнүгүп келе жаткандыгы бизди кубандырат. Ошондой эле Түрк Кеңеши да биздин кызматташуубузду кеңейтүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоодо. Алардын ичинен уюмдун Будапешт өкүлчүлүгү маанилүү болуп эсептелет», - деп белгиленет Янош Адердин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий