• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Венгриянын президенти жана премьери Садыр Жапаровду Жаңы жылы менен куттукташты

Саясат 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Венгриянын президенти Янош Адер Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Сизге жана жакындарыңызга Жаңы жыл тынчтыктын жана ийгиликтин жылы болсун», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан куттуктоо катын жөнөтүп, анда Мамлекет башчысын жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий