• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Венгриянын жана Кыргызстандын ишкерлери үчүн биргелешкен долбоорлор иштелип чыгат

Саясат 0

Чолпон-Ата, 04.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын жана Венгриянын ишкерлери үчүн эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелерин бекемдөө максатында биргелешкен долбоорлор иштелип чыгат.

Бул чечим бүгүн, 4-сентябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынды. Сүйлөшүүлөр Чолпон-Ата шаарында Орбандын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өттү.

Жээнбеков жетишилген макулдашуулар жөнүндө айтып жатып жакын арада соода-экономикалык тармакта ишкерлик тармагындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүнүн отурумун өткөрө турган кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссия түзүлөрүн билдирди.

“Ишкерлер биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгып, ишке ашырат деген үмүттөбүз. Энергетика, туризм, айыл чарба, кайра иштетүүчү өнөр жай, текстиль өнөр жайы жана транспорт тармактарында жакшы перспективалар бар”, - деди президент.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул Венгриянын премьер-министринин Кыргызстанга болгон биринчи сапары. Ал Ысык-Көлдө 3 күн жүрүп, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин VI саммитине катышты. Анда ал Кыргызстан жана Өзбекстан менен эки тараптуу мамилелерин стратегиялык деңгээлге чейин көтөрүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле Венгриянын премьер-министри III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышынын ардактуу коногу болуп, өзүнүн өлкөсүнөн келген спорттук делегацияны катышуучулардын бирдиктүү парадында колдоп турду.

Пикир

Оставить комментарий