• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Венгриянын ЖОЖдоруна тапшыруу үчүн 75 бюджеттик орунга сынак жарыяланды

Билим 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Венгрия 2020-2021-окуу жылына карата бакалавр, магистратура жана докторантура программалары боюнча билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына 75 бюджеттик орун бөлдү. Бакалавр 30, магистратура 30 жана докторантурага 15 орун.

Билим берүү жана илим министрлиги аталган бюджеттик орундарга сынак башталганын кабарлайт.

Министрликтин маалыматына ылайык, гранттар Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program программасы аркылуу бөлүнүп жатат. Программаны башкарууну Темпус коомдук фонду жүргүзөт.

Кыргызстандын жарандары төмөнкү багыт боюнча акысыз билим ала алышат:

  • Бакалавриат программасына тапшыруучулар: айыл чарба, социалдык, экономикалык, техникалык жана табигый илимдер, информациялык технологиялар, спорт жана мамлекеттик саясат.
  • Магистратура программасына тапшыруучулар: айыл чарба, социалдык, экономикалык, техникалык жана табигый илимдер, информациялык технологиялар, спорт жана мамлекеттик саясат.
  • Докторантура программасына тапшыруучулар: бардык багыт боюнча

Тандоо шарттары, керектүү документтер жана конкурс боюнча кеңири маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий