• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Вера Брежнева: «ВИЧ-инфекциясы – бул өмүрүңдүн бүткөнү эмес»

Ден соолук 0


Бишкек, 16-май /Роман Гайнанов – Кабар/. Бишкекте бүгүн БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен Программасынын (ЮНЭЙДС) ыктыярдуу элчиси ырчы, актриса, жана теле алып баруучу Вера Брежневанын катышуусунда маалымат жыйын өттү.

Вера Брежнева ыктыярдуу элчи кызматына 2014-жылы дайындалган. Ошондон тарта Брежнева Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймактарында ВИЧ-инфекцияны алдын алуу ишмердигине активдүү аралашып келет. Ал дайыма ВИЧ-инфекциялуу адамдар, аялдар, жаштар менне, СПИД эпидемиясынан жабыркагандар менен жолугушуп турат. Ал эми чечим кабыл алган адамдар, саламаттык сактоо кызматкерлери менен жолугушууларда Вера кодулоо менен күрөшүү маселесин көтөрүп келет.

“Биз бул адамдаран баш тартпашыбыз керек. ВИЧ-инфекция – бул өмүрдүн бүткөнү эмес, тескерисинче, коом бул адамдарды четке какпастан, колдоого алышы керек. Бул маселе тууралуу көп айтуу зарыл, мен баарыңыздарды бизге кошулуп, мындай жагдайга туш болгондорду, айрыкча балдарды колдоого чакырам”, - деди ал.

Маалымат жыйынга Вера Брежнева менен бирге жергиликтүү жылдыздар, алып баруучулар: Абир Касенов, Арсен, Баястан, Айым Айылчиева, Эркин Рыскулбеков, Айжамал Осмонова, Айганыш Абдиевалар сүйлөштү. Алар да Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясын алдын алуу жана күрөшүү маселелерин көтөрүшүүдө.

Жыйын ВИЧ-инфекциясына коомчулуктун көңүлүн бурдурууга жана ВИЧ менен жашаган адамдарды кодулоого каршы күрөшүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий