• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ветеринарлар ассоциациясы ишин жандантты

Коом 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын жеке ветеринарлар ассоциациясы кайра каттодон өтүп, Ветеринарлардын республикалык ассоциациясы деген жаңы аталышы менен өз ишин баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ассоциация эки жыл мурун түзүлүп, бирок ар кандай себептер менен ишин алып бара алган эмес.

Бүгүн райондордон 40 жеке ветеринар (район деңгээлинде ассоциациялардын башчылары) Бишкек шаарына келип, «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн республикалык ассоциациянын биринчи жыйынында катышты.

Ветеринарлар республикалык ассоциацияга мүчө катары кирип, чечилбеген суроолорду талкуулашты. Ассоциациянын аткаруучу директору болуп Эрмек Түнгатаров шайланды.

Пикир

Оставить комментарий