• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ветинспекциянын директору жана бир катар кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору жана бир катар кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери мыйзамсыз түрдө түзүлгөн келишимдердин негизинде, малдын санын көбөйтүп, бааны жасалма жол менен жогорулатуу аркылуу көмүскө киреше алып турган.

Ошондой эле тышкы компаниялардын катышуу мүмкүнчүлүгүн чектеген коррупциялык схема колдонулган. Ал мамлекеттик сатып алууларга көзөмөлгө алынган гана компаниялардын катышуусун камсыздаган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында вакцина жана биодарыларды өзгөчө ири өлчөмдө илимий-экономикалык негизсиз сатып алуу фактылары аныкталды.

Жүргүзүлүп жаткан тергөөнүн алкагында Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Ж.К.Т. аттуу мамлекеттик инспекциясынын директору, А.М.Ж. аттуу башкармалыктын башчысы, Р.Ч.О. аттуу бөлүмдүн башчысы жана Ч.С.Б. аттуу лабораториянын башчысы кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий