• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Веткызматы өлкөдө катталбаган шарп ылаңына каршы 67,5 млн сомго вакцина сатып алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Ветеринардык кызматтын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, шарп ылаңына каршы поливаленттүү типтеги вакциналар сатылып алынган. Тактап айтканда, жалпы суммасы 67 млн 560 миң сомдук 2,0 млн доза санында A Iran-2005, A Sea-97, O PanAsia-2, O Ind-2001, Asia-1 Sindh-08 алынган.

“Веткызматтын кызматкерлери поливаленттүү типтеги шарпка каршы вакцинанын техникалык өзгөчөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизишкен, жана вакциналарды каттоосуз жана сертификаттоосуз сатып алышкан”, - деп билдиришти ведомстводон.

Прокуратурадан белгилешкендей, Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун катына ылайык, Кыргызстандын аймагында A Sea-97 жана O Ind-2001 шарп түрлөрү расмий катталган эмес

Ошондой эле Веткызматтын кызмат адамдары “В” деп аталган жабдып берүүчү тараптын кызыкчылыктарын көздөп, жүргүзүлгөн тендерден жана вакцина алып келингенден кийин өздөрү мыйзамсыз түрдө Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча департаментке вакцинаны каттоого жана сертификациялоого арыз беришкен.

Белгиленгендей, жабдып берүүчү өзү тендер өткөргөнгө чейин бул продукцияны каттоого жана сертификациялоого арыз берүүгө тийиш.

Техникалык регламентке ылайык каттоо жүргүзүүгө байланышкан бардык чыгымдар арыз ээси тарабынан төлөнөт, ал эми Веткызматтын бюджетинде бул чыгымдар каралган эмес.

Андан соң, департамент бул вакцина Техникалык регламенттин белгиленген талаптарына шайкеш келбейт деген эксперттин корутундусун чыгарган жана шайкештик сертификатын берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Андыктан, аталган кызмат адамдарынын иш-аракеттеринен улам мамлекетке өзгөчө ири суммада зыян келтирилген.

Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий