• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

VI «АК ИЛБИРС» 2017 Улуттук кино сыйлыгы

Маданият 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. «Ак илбирс» сыйлыгынын “Дүйнөлүк кинематографка кошкон зор салымы үчүн” номинациясындагы атайын сыйлыгын советтик, түркмөн кинорежиссеру Ходжакули Нарлиев алат. Бул тууралуу аталган сыйлыктын негиздөөчүсү Таалайбек Кулмендеев билдирди.

Ходжакули Нарлиев - кинорежиссёр, сценарист жана кинооператор. СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Түркмөн ССРинин Эл артисти, Россиянын “Ника” кинематография искусствосу Академиясынын Президиумунун мүчөсү. Бүткүл союздук жана Локарно, Венеция, Соррентодогу эл аралык кинофестивалдардын лауреаты болуп саналат.

10дон ашык тасманын режиссеру:

• 1962 — За прожитые дни ( Х. Якубов менен биргеликте)
• 1971 — Невестка (Ходжадурды Нурлиев менен биргеликте)
• 1974 — Когда женщина оседлает коня (М. Аймедованын катышуусунда)
• 1976 — Умей сказать «нет»!
• 1980 — Дерево Джамал (М. Аймедова менен биргеликте)
• 1982 — Каракумы, 45 в тени (В. Сухоребрый менен биргеликте, Б. Б Мамедовдун катышуусунда)
• 1984 — Фраги — “Разлучённый со счастьем” ( Б. Мансуров жана М. Симашко менен биргеликте)

“Дүйнөлүк кинематографка кошкон зор салымы үчүн” номинациясындагы атайын сыйлыгы 2015-жылдан бери ыйгарылып келет. Буга чейин аны советтик жана өзбек кинорежиссеру Али Хамраев жана советтик актриса Наталья Аринбасарова алган.

«Ак илбирс» Улуттук кино сыйлыгын тапшыруу салтанаты 14-апрелде 18.00дө «Манас» кино театрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий