• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш кезектеги сессиясын баштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрда VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетинчи сессиясынын ачылыш аземи болду.

КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын башталышы менен кесиптештерин куттуктады.

Эске салсак, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 44-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин жыйындары болот.

Белгилей кетсек, КР Конституциясынын 77-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий