• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ВИЧ, гепатит, кургак учук оорулары менен ооруган аялдар дагы эмизсе болот

Ден соолук 0

Бишкек, 01.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда эмизилип жаткан балдардын саны өтө аз. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.

“Жадакалса ВИЧ илдети менен ооруган аял дагы эмизсе болот. Эгерде аял ВИЧке каршы дарыларды ичип жатса, баласын эмизүүгө болот. Андан сырткары кургак учук, гепатит менен ооруган аялдар дарыгерлер менен кеңешип, эгер балага жуктуруп алуу коркунучу жок болсо, эмизе баштаса болот”, - деди Узакбаев.

Анын айтымында, эмизүү боюнча алгачкы изилдөөнү 2006-жылы жүргүзүшкөн. Анда көрсөткүч 26 пайызды түзгөн.

“Экинчи изилдөө 2014-жылы жүргүзүлүп, 41 пайызды түзгөн. Бул чек эмес. Мындан ары дагы эмизүүнү үгүттөшүбүз керек. Аялдарга эмчек сүтү жасалма сүткө караганда экономдуу жана пайдалуураак экенин айтуу керек”, - деди Узакбаев.

Пикир

Оставить комментарий