• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Видеоконференция форматында ЕЭК кеңешинин отуруму өттү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин төрагасы Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин видеоконференцбайланыш режиминде кезектеги жыйыны болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ЕЭК кеңешинин отурумунда 30 маселе каралды.

Алсак, жыйында Кыргыз Республикасынын демилгелүү сунушу боюнча Бажы биримдигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Чечим атамекендик автомобиль өнөр жайын колдоого багытталган жана транспорттун тибин бекитүүнүн “жөнөкөйлөтүлгөн” жол-жобосун карайт. Ата мекендик өндүрүшчүлөр бул документти ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында жайгашкан сыноо лабораторияларына унааларды жөнөтпөстөн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Евразия экономикалык бирлиги менен эркин соода келишимин түзгөн өлкөлөрдөн ташылып келинген товарлардын келип чыгышын документтештирүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүү чечими кабыл алынды.

Товарларга декларация берилгенге чейин чыгаруу үчүн декларацияланууга мүмкүн болгон товарлардын категорияларынын тизмеси кеңейтилди.

Ошондой эле, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чарба жүргүзүүчү субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында, жыйында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин «Евразиялык экономикалык биримдикте товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркировкалоону киргизүүнүн айрым маселелери жөнүндө» тескемесинин долбоору жактырылды.

Тескеменин долбооруна ылайык, Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо жолу менен маркировкалоо жөнүндө макулдашуунун 7-беренесине ылайык өз аймагында идентификациялоо жолу менен маркалоону киргизүү ниети жөнүндө мүчө мамлекеттерден билдирүү бербеген ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнө 2024-жылдын 1-январынан эрте идентификациялоо каражаттары менен маркаланбаган товарларды жүгүртүүгө тыюу салбоо тапшырылды.

2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин интеграцияланган маалыматтык системасын түзүү, иштетүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилди.

Тамеки буюмдарына карата Техникалык регламентти ишке ашыруу максатында Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекетинин аймагында отчеттук календардык жыл ичинде сатылган тамеки буюмдарынын курамы жана алардан бөлүнүп чыккан заттар жөнүндө отчеттун формасы бекитилди.

Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизалоо эрежелерине жана дары-дармек каражаттарын медициналык колдонуу боюнча нускамаларга жана медициналык багыттагы дары-дармек каражаттарынын жалпы мүнөздөмөлөрүнө карата талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин тийиштүү фармакологиялык көзөмөл практикасынын эрежелерин өзгөртүү киргизүү чечидери кабыл алынды.

Ошондой эле, ЕЭК кеңеши үстүбүздөгү жылдын 21-22-июнунда Беларусь Республикасынын Брест шаарында өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алдыдагы отурумунун күн тартибин бекитти.

ЕЭК Кеңешинин кезектеги отуруму ушул жылдын 10-июнунда Нурсултан шаарында (Казакстан Республикасы) өтөт.

Пикир

Оставить комментарий