• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Викрам Рузахунов укук коргоочуларга Казакстанда кыйноого кабылганы тууралуу кеңири айтып берди

Коом 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Акыйкатчы аппаратында Алматыдагы массалык башаламандыктардын убагында кыйноого кабылган КР жараны Викрам Рузахуновдун укугун коргоо планы талкууланды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков музыкант Викрам Рузахуновду жана анын адвокатын кабыл алды.

“Викрам Рузахунов январь айында Алматы шаарынын укук коргоо органдары тарабынан кыйноого кабылган эле. Жолугушуу учурунда ал Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнө аны бошотууга жана үйүнө кайтарууга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылыгын билдирди жана кыйноолорго кандайча кабылганы тууралуу кеңири айтып берди”, - деп айтылат маалыматта.

Аскат Азарбеков жана Викрам Рузахуновдун адвокаты В.Рузахуновдун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын адам укуктары боюнча эл аралык документтердин негизинде коргоонун жолдорун талкуулашты.

Белгилей кетсек, КР Акыйкатчы институту 2022-жылдын 10-январында Казахстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Азимовага Викрам Рузахуновдун маселеси боюнча кайрылуу жөнөткөн, Акыйкатчы аппаратынын өтүнүчү боюнча Казакстан Омбудсмени маселени өз көзөмөлүнө алган болчу.

Эскерте кетсек, мурдараак, Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90 миң тенге сунушташкан.

Кыргызстанда видеодогу адам таанылып, ал КР жараны Викрам Рузахунов экендиги аныкталган. Ал пианист, аранжировкачы жана “Джаз_Бишкек_Весна” фестивалынын аткаруучу директору болгон.

Пикир

Оставить комментарий