• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Викрам Рузахунов өзүнүн көрсөтмөсү боюнча: Ал үйгө тезирээк кайтуунун оңой жолу болгон

Коом 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Казакстанда буга чейин митингге катышкан делип кармалган кыргызстандык Викрам Рузахунов журналисттерге анын кармалышынын чоо-жайын, сабалышы жана видео кайрылуусу тууралуу айтып берди.

Бүгүн аны Бишкекке алып келишти.

Рузахуновдун айтымында, ал Алматыга досторунун чакыруусу менен 2-январда келген. Кийинчерээк 4-январда өлкөдө митингдер башталган.

“Досум ижарага алган батирден чыкпай, үйдө отуруумду кеңеш кылган. Мен 6-январга чейин үйдө болдум. Ошентип, өлкөдө интернет иштебей, азык-түлүк дүкөндөрү жабылып калганда мен Кыргызстанга кайтып келүүнү чечтим. Өз кезегинде Алматы-Бишкек жолунун Самсы айылындагы көзөмөл-өткөрүү пунктунда биздин унааны аскер кызматкерлери токтотуп, күч колдонуу менен кармашкан. Жүзүдөгү төгөргөн тактар ошондо пайда болду”, - дейт ал.

Музыкант аскер кызматкерлери кармоодон кийин жакшы мамиледе жасаганын айтып, тамак-аш жана ысык чай бергенин кошумчалады.

Ал митингге акча үчүн келгенин мойнуна алган видео тууралуу да сөз кылды.

“Мени менен чогуу кармалгандардан эгер камерага “күнөөмдү мойнума алам” деп айтсам, дароо мекениме экстрадицияланарымды уктум. Ушуга байланыштуу ушунтип айттым. Видеодо берген көрсөтмөмдүн баары жалган. Мындай кырдаалда ал үйгө тезирээк кайтуунун оңой жолу болгон”, - деп айтат ал.

Рузахунов ошондой эле камерада аны менен кошо дагы төрт кыргызстандык бар экенин, айрым маалыматтар боюнча, алар эртең чыгарыла турганын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90 миң тенге сунушташкан.

Кыргызстанда видеодогу адам таанылып, ал КР жараны Викрам Рузахунов экендиги аныкталды. Ал пианист, аранжировкачы жана “Джаз_Бишкек_Весна” фестивалынын аткаруучу директору болгон.

Туугандарынын маалыматы боюнча, кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов Алматыга тез-тезден сапарга барып турган. Жакында ал концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган. Алматыга баруу үчүн билет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткен.
"Аэропортко аны энеси Кундузхан Розахунова менен Кундузхандын небереси Бишкекте ИПАМ компаниясында программист болуп иштеген Аскат Сериков коштоп барган. Алар Казахстанда эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестифалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен", - деп белгилешти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий