• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Виктор Орбан Венгрия эмне себептен КР менен кызматташтыгын бекемдөөнү көздөп жатканын айтып берди

Саясат 0

Чолпон-Ата, 04.09.18. /Кабар/. Бүгүн Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга болгон биринчи расмий иш сапары соңуна чыкты.

Акыркы 3 күндө ал III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин VI саммитине катышып, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ишкердик, билим берүү жана маданий-гуманитардык багыттагы өнөктөштүк мамилелерди бекемдөө боюнча бир катар макулдашууларга жетишти. Орбан өз кезегинде Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда бул жолугушуу биринчи ирет өтүп жатканына карабай конструктивдүү диалог болгонун белгиледи.

“Мен Венгриянын Кыргызстанга иш сапар жасаган алгачкы премьер-министримин. Мен эмне үчүн муну көпкө күтүш керек болгонун түшүнбөй турам. Бул өлкөлөрүбүздүн географиялык жайгашууларына байланыштуу деп ойлойм. Биздин мамлекеттерди миңдеген чакырымдар бөлүп турат. Ага карабастан Венгрия өзүнүн тарыхын эске алып, салттарын жана ата-тегин сактап келет”, - деди Орбан.

Ал Венгрия Борбордук Азиядагы өлкөлөр менен аталган региондогу элдер менен тууганчылык байланышы болгондуктан мамилесин бекемдеп, өнүктүрүүнү көздөөрүн белгиледи.

Маалымдама: Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы 16-апрелде орнотулган. Акыркы жылдары Венгриянын өкмөтү Россия, Кытай жана Борбордук Азиядагы мамлекеттер менен өз ара мамилелерди бекемдөөгө багытталган “Чыгышка ачыктык саясатын” жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий