• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Виктор Цойдун паспорту аукциондо 9 миллион рублга сатылды

Коом 0

Бишкек, 27.09.18 /Кабар/. Виктор Цойдун паспорту “Литфонд” аукциондук үйүндө кечээ, 26-сентябрда 9 миллион рублга сатылды. Лоттун баасы анын баштапкы баасы 2,5 миллион рублдан 3 эседен көп өскөн. Советтик музыканттын жазуу китепчеси 3 миллион рублга, “Хочу перемен” ырынын кол жазма түрүндөгүсү 3,6 миллион долларга сатылган. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Документ Цойго 16 жашында, 8 айга кечиктирилип берилген. Анда ырчынын Марианна Родованская менен Ленинграддын Москва районундагы жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндө никеге турганы тууралуу маалыматтар бар. “Литфонддун” башкы директору Сергей Бурмистровдун айтымында, аукциондук үйдүн адистери Ички иштер министрлигине сурам жөнөтүшүп, паспортко анын аныктыгын тастыктаган экспертиза жасашкан.

Цойдун жазуу китепчесинде ленинграддык жана москвалык рок-музыканттардын, анын ичинде Борис Гребенщиковдун, Майк Науменконун, Артемий Троицкийдин жана башкалардын телефондору жазылган.

Виктор Цой- советтик аткаруучу, “Кино” тобунун (1982-1990) негиздөөчүсү жана лидери. “Звезда по имени Солнце”, “Хочу перемен!”, “Группа крови”, “Дальше действовать будем мы” жана башка ырлардын автору. 1962-жылы Ленинградда төрөлгөн. 1990-жылы жол кырсыгынан каза болгон. Сөөгү Санкт-Петербургдагы Богословск мүрзөсүнө коюлган.

Пикир

Оставить комментарий