• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Вильнюс шаарында Кыргызстан менен Литванын ортосунда саясий консультациялар өттү

Саясат 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. 29-ноябрда Вильнюс шаарында КР тышкы иштер министрлиги менен Литванын тышкы иштер министрлигинин ортосунда саясий консультациялар өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясынан КР ТИМ башчысынын орун басары Айбек Молдогазиев, ал эми литва тараптан Литва Тышкы иштер министринин орун басары Мантос Адоменас катышты.

Консультациялардын жүрүшүндө дипломаттар эки тараптуу кызматташуу маселелерин, тактап айтканда, өлкөлөр ортосундагы байланыштарды чыңдоодо негизги ролду ойногон өз ара сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Айбек Молдогазиев белгилегендей, КР ТИМи Литва менен маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берет.

Соода-экономикалык кызматташууга токтолгон Айбек Молдогазиев өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул контекстте Литванын ыңгайлуу географиялык жайгашуусу Евробиримдиктин рынокторуна чыгууга өбөлгө болоору айтып, транспорттук-логистикалык борборлордун иштеши боюнча литвалык тажрыйбага басым жасады.

Тараптар ошондой эле консулдук-укуктук чөйрөдө кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул багытта литва тарапка Литвада эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө кызыгуу артып жаткандыгын баса белгилеп, КР жарандары үчүн визаларды тариздөө жол-жоболорун жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

КР тышкы иштер министринин орун басары Украинадагы конфликтти тынчтык жолу менен жөнгө салуу зарылдыгы боюнча кыргыз тараптын өзгөрүлбөс позициясын билдирип, ошондой эле Афганистандагы кырдаал жана литвалык кесиптештерди кызыктырган башка маселелер боюнча өзүнүн көз караштары менен бөлүштү.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана транспорт тармагындагы кызматташуу маселелерине да токтолушту.

Пикир

Оставить комментарий