• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Виртуалдык ККМ пайдалануу боюнча тесттик режим 1-июлга чейин жылдырылды

Экономика 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Өкмөттүн токтому менен КНС төлөөчүлөргө, товарларды импорттоочуларга жана экспорттоочуларга милдеттүү түрдө электрондук эсеп-кысап колдонуу мөөнөтү 2020-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин 2019-жылдын 1-июлунда ишке кирген пилоттук долбоор ишке ашырылат.

"Чыныгы убакыт тартибинде маалыматтарды өткөрүү менен виртуалдык ККМ пайдалануу боюнча тесттик режим дагы ушул жылдын 1-июлуна чейин жылдырылды. Мындан сырткары, мунай азыктарына электрондук товар-унаа коштомо кагазын милдеттүү түрдө колдонуу мөөнөтү 1-июлга жылдырылды. Көрсөтүлгөн чаралар өлкө аймагында жарыяланган өзгөчө кырдаал жана айрым аймактарда өзгөчө абал режимдердин киришине байланышутуу, ишкерлерлерди колдоо жана салык төлөөчүлөрдүн салык органдарына баруусун минималдаштыруу максатында кабыл алынды", - деп кошумчалашты штабдан.

Пикир

Оставить комментарий