• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Вирустук гепатит менен ооругандарда COVID-19 илдети оор түрдө өтөт. Кантип коргонуу керек?

COVID - 19 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/.Республикалык штаб вирустук гепатит менен ооругандарды COVID-19дан коргонууда кеңеш берет.

Вирустук гепатит оорусунун ар түрдүү формасы менен ооруган жарандар COVID-19 инфекциясын алдын алып, төмөнкү көрсөтмөлөрдү аткаруусу өзгөчө маанилүү:

- Социалдык аралыкты сактоо, коргоочу беткапты жана кол кап колдонуу, кылдат кол гигиенасы, дем алуу этикасы жана сергек жашоо үчүн жалпы эрежелери, анын ичинде дени сак тамак, жетиштүү физикалык активдүүлүк жана жетиштүү уйку;

- Дарылоочу дарыгерден пландык текшерүүдөн өтүү. Ооруган учурда өзүн-өзү дарылабастан өз убагында дарыгерге кайрылуу маанилүү;

- Эгер сиз вирустук гепатиттен же башка өнөкөт оорулардан дарыланып жатсаңыз, анда жетиштүү дары -дармектерге ээ болуу маанилүү.

Ошол эле учурда, гепатиттин болушу COVID-19 вирусун жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатпайт, бирок инфекция жугуп калган учурда, оору оор түрдө өтөт, андыктан жогоруда сунушталган алдын алуу чараларын сактоо өзгөчө маанилүү.

Пикир

Оставить комментарий