• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

VISA Түркмөнстанда карта операцияларын токтотпогонун билдирүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.03.18. /Кабар/. Бирок учурда Түркмөнстандын банктары тарабынан чыгарылган VISA карталарынын ээлеринде жеке эсептериндеги каражатка жетүү мүмкүндүгү жок.

"VISA Түркмөнстанда бардык өнөктөш-банктарга кызмат көрсөтүүсүн кадимки режимде улантууда. Биз кызматыбызды токтоткон эмеспиз жана төлөм системасынын туруктуу ишин камсыздоо үчүн өлкөдөгү өнөктөш банктар, соода, тейлөө ишканалары жана башка базар катышуучулары менен тыгыз иштешип жатабыз", - деп жазылган компаниянын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү өкүлчүлүгүнүн расмий катында.

25-февралда түркмөн банктарынын өкүлдөрү январдын экинчи жарымынан тарта өлкөнүн каржы мекемелери VISA картасы боюнча операцияларын токтотконун билдиришкен.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий