• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Виталий Люкс Азия Кубогундагы бомбардирлер тизмесинде экинчи орунда турат

Спорт 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. Виталий Люкс Азия Кубогундагы көп гол киргизген футболчулардын арасында экинчи орунда турат. Аны менен катар эле ирандык оюнчу Сердар Азмун менен өзбекстандык Элдор Шомуродов турат.

Турнирдеги азыркы статистикага ылайык, көп гол жарата алган оюнчу катары Виталий Люкс 3 голу менен 2-орунду ээлеген.

Учурда ал бул мелдеште хет-трик жасаган жалгыз футболчу болууда.

Андан 2 голго көбүрөөк киргизген (жалпы 5 гол) Катар курамасынын оюнчусу Алмоез Али тизменин башында турат.

Алмоез Түндүк Корея – Катар оюнунда 4 гол киргизип, покер жасаган жалгыз футболчу.

Белгилей кетсек, Люкс бул үч голду кечээ Кыргызстан Филиппинге каршы өткөргөн беттеште киргизген. Бул жеңиштүү голдордун аркасы менен Кыргызстан Филиппинди 3:1 эсебинде утуп койбостон тайпалык баскычтан чыга алды.

Эми Кыргызстан 1/8 финалында Бириккен Араб Эмиратына каршы оюн өткөрөт.

Азия Кубогу быйыл Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий