• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Виталий Люкс: Бүгүнкү беттешке жакшы даярдандык

Спорт 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Бириккен Араб Эмираттары менен болгон беттешке жакшы даярдандык. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын чабуулчусу Виталий Люкс бүгүн Азия Кубогунун алкагында болчу беттешке даярдык тууралуу айтып жатып билдирген.

Тайпалык оюндарда жеңиш алып келген чабуулчу алдыдагы оюнга команда даяр экенин айтат.

"Беттешке даярдык жакшы жүрүп жатат. Биз тактикалык, физикалык жактан жакшы даярданып жатабыз. Ушундай абройлуу мелдештин 1/8 финалына чыкканыбызга кубанычтабыз", - дейт ал.

Футболчу Филиппинге каршы оюндагы ийгилик бул ирет жылмаят деп үмүттөнүп турат.

"Филиппинге үч гол киргизе алганыма кубанычтамын. Мен өз командама, күйөрмандарга, өлкөгө, досторума мага ишеним артып тургандарына ыраазымын. Албетте оюн талаасындагы өнөктөштөрүмө ыраазычылык айтам. Алар болбогондо ал нерсе болмок эмес", - дейт чабуулчу.

Ошондой эле Люкс анын оюнун баары алдыдагы беттешке бурулганын белгилеген.

Белгилей кетсек, Виталий Люкс Азия Кубогундагы Кыргызстан-Филиппин беттешинде жеңиш алып келген үч гол киргизип, хет-трик жасаган. Аны менен катар ал бул мелдештеги бомбардирлердин катарына кирип, азырынча үчүнчү орунда турат.

Эскерте кетсек, бүгүн Кыргызстандын курамасы Бириккен Араб Эмираттары менен оюн өткөрөт.

Оюн саат 23:00дө башталып, аны КТРК Спорт телеканалы түз алып көрсөтөт.

Беттеш Шейх Зайед стадионунда өтөт. Анда кытайлык арбитрлер калыстык кылышат.

Пикир

Оставить комментарий