• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Виталий Люкс: Филиппиндердин дарбазасына төрт гол киргизейин дегем

Спорт 0

Бишкек, 17.01.19. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Филиппиндердин дарбазасына төрт гол киргизейин дегем. Бул тууралуу Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкс Филиппинге каршы оюндан кийин билдирди.

Анын айтуусунда, Филиппиндерге каршы оюн абдан маанилүү болду. "Биз утабыз деген максат менен келип, аны ишке ашырдык. Оюн абдан жакшы болуп, бардыгы биз ойлогондой болду. Кытай менен мындай ойной албадык, бирок кечээ ойнодук. Абдан кубанычтабыз", – деди футболчу.

"Төрт гол киргизгенге мүмкүнчүлүк болду, бирок бир сокку штангага тийип калды", - деп билдирип, эч ким мындайды күтпөгөндүгүн кошумчалады.

Эске салсак, футбол боюнча Азия кубогунун үчүнчү турунда Кыргызстан менен Филиппиндин курама командалары оюн өткөрдү. "Ак шумкар" командасы 3:1 эсебинде Филиппинди жеңди. Баардык голду Виталий Люкс киргизди.

Кыргызстан тайпалык этаптын биринчи оюнунда Кытайга 2:1 эсебинде, экинчиде Түштүк Корега 0:1 эсеби менен утулуп калган.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Азия Кубогунда 24 команда алты тайпага бөлүнүп ойноп жатат.

Тайпалык баскычтын жыйынтыгында ар бир тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 12 команда жана үчүнчү орунду ээлеген эң мыкты оюн көрсөткөн төрт команда 1/8 финалына чыгат.

Ушул мүмкүнчүлүктү колдонуп, Кыргызстан 1/8 финалына чыга алды. Эми Кыргызстан 21-январда Бириккен Араб Эмиратынын курамасы менен ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий