• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Вице-мэр Алымкулов: Жол киренин көтөрүлүшү шаардык кеңештин чечимине ылайык болот

Коом 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында шаардык кызматтар менен жеке транспорттук компаниялардын жетекчилери жана айдоочулары жолугушуу өткөрүштү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда кичи автобустарда жол кире тарифтерин көтөрүү маселеси каралды.

Транспорт тармагынын өкүлдөрү менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, транспорттук саясат боюнча борбордун вице-мэри Азиз Алымкулов, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрлан Атантаев, Бишкек шаардык кеңешинин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, байланыш жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү жолугушту.

Айдоочулар күйүүчү-майлоочу майдын, унаа тетиктеринин баасы көтөрүлгөндүктөн, шаардык кичи автобустарда жол киренин баасын көтөрүүнү суранышты.

Мыйзамга ылайык, тарифтерди өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Абиров шаардык парламенттин депутаттары муниципалитет токтом долбоорун киргизгенде тарифтерди көтөрүү маселесин кароого даяр экендигин билдирди.

Вице-мэр А.Алымкулов бул маселе ченемдик укуктук базага ылайык этап-этабы менен чечилиши керектигин белгиледи. Долбоор экспертизадан өтүп, тиешелүү органдардагы жөнгө салуучу таасирдин талдоосун, адистештирилген комиссиядан корутунду алышы керек, эң маанилүү маселе шаардыктар тарабынан коомдук талкууда каралышы керек.

Вице-мэр жеке транспорттук компаниялардын жетекчилеринен айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранды, анткени коомдук транспорттор үзгүлтүксүз иштеши керек. Шаардык транспорт башкармалыгы жана башка ыйгарым укуктуу кызматтар линиядагы транспорттун аралыгы же графиги бузулган учурда, ташуучу компаниялардын жоопкерчилигин карашат.

Ошондой эле, А.Алымкулов коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учураса, борбор калаанын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык лицензия берүү жаатында жеке фирмалар менен кызматташууну кайрадан карап чыгарын эскертти.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрлан Атантаев айдоочулар туруктуу маршруттук таксилердеги жол акысынын кескин жогорулашы коомдук тартипти бузууга алып келиши мүмкүн деп кошумчалады.

Жыйынтыгында бул маселени кароо үчүн жумушчу топ түзүлдү. Бир жума аралыгында айдоочулар болжолдуу сметалык маалыматтарды беришип, андан ары иштөө үчүн мэриянын шаардык транспорт бөлүмүнө тапшырышат.

Белгилей кетсек, муниципалдык транспорт, автобус жана троллейбустар штаттык режимде иштеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий